YRKOR - “Toktoguldun kerbezi“ (Official Video 2023) ҮРКӨР - “Токтогулдун кербези“

Скачать: Подпишитесь на наш аккаунт: Связаться с нами: 996558120815 #үркөр #токтогулдункербези #yrkor #toktoguldunkerbezi #жанылыктар #жаңыыр #кыргызчаырлар #кыргызстан #комуз “Токтогулдун кербези“ Толгоп тарткан кыл аркан Тор кашка аттын кербези Топ жыйында сайраган Токтогулдун кербези Толкун жашың өткөн соң Толгонуп кайтып келбеспи Тобуңдан кетсем аман бол Толгон кыргыз жергеси Толгон кыргыз жергеси Эки кабат кыл аркан Элик сурдун кермеси Эл ичинде сайраган Эсил Токоң кербези Эсил жашың өткөн соң Эстесең кайтып келбеспи Элимден кетсем аман бол Эркин кыргыз жергеси Эркин кыргыз жергеси Бура тарткан кыл аркан Буурул аттын кермеси Мукам-мукам сайраган Булбул Токоң кербези Бул дүйнөдөн өткөн соң Бурулуп кайтып келбеспи Тобуңдан кетсем аман бол Толгон кыргыз жергеси Толгон кыргыз жергеси Толгон кыргыз жергеси Толгон кыргыз жергеси Токтогулдун кербези Токтогулдун кербези Сөзү, обону: Токтогул Сатылганов
Back to Top