Чглп кечирим сураган окуучу кыз. Билим бер министрлиги билдир таратты

Кыргызстандагы соцтармактарга мугалимдер окуучу кызды ыйлаганына карабай классташынан чөгөлөтүп кечирим сураттырган видео тарады. Интернет колдонуучулар агартуучуларды сынга алып, жазалоо керектигин жазышууда. Окуучу кыз курбусунун формасына ручка менен чийип койгону үчүн анын апасы мектепке келип, мугалимдер менен бирге чөгөлөтүп кечирим суратканы айтылган. Билим берүү жана илим министрлиги окуя үстүбүздөгү жылдын 31-январында Жалал-Абаддагы Сузак районуна караштуу № 16 орто мектебинде, 7-класстын окуучуларынын арасында болгонун кабарлады. “2023-жылдын 19-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү“, — деп айтылат маалыматта. Анын жыйынтыгында, мектептин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу А. Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш. Якубов, соцпедагог А. Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди.
Back to Top