Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Бакен Кыдыкеевадан жараткан талантты аяган эмес. Анын адамкерчилиги, турпаты, ак сөөктүгү баарына үлгү эле.
Актриса алгач Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрда иштеп, Кыргыз драма театрында көп жыл эмгектенген. Ыйык сахнада Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Ашыраалы Боталиев, Насыр Кытаев өңдүү залкарлар менен кесиптеш болуп жүздөгөн ролду ийине жеткире аткарган. Ал эми кинодо “Саманчынын жолу“, “Биринчи мугалим“, “Көчө“, “Көздүн кареги“, “Революциянын атчандары“, “Караш-Караш окуясы“, “Тайгак кечүү“, “Жоргонун жүрүшү“, “Ашуу“, “Токтогул“, “Каныбек“, “Аманатта“ роль жараткан. Андан сырткары, коңшу казак, өзбек кинорежиссёрлору актрисаны өз тасмаларына тартуу үчүн байма-бай чакырышкан.
Сөөгү театрдан чыкса арманы жогун айткан актриса эки ирет театрдан чыгарылат. Убагында бүтүндөй СССР суктанган, не бир керемет ролдорду жараткан Кыдыкееванын өмүрүн интрига, көрө албастардын ушагы ойрондогон. Даңкы бүтүндөй СССРди дүңгүрөткөн актрисанын жеке жашоосу да трагедиялуу.
Кыдыкеева 70 жашында жол кырсыгынан каза болуп, 18 күн моргдо эч ким тааныбай жатып калган.
168 views
417
110
3 months ago 00:05:14 1
ШЕКТЕН ТЫС ЖАҚСЫЛЫҚ ЖАСАМАҢЫЗ, СЕБЕБІ…| афоризм| дәйек сөз| цитата
2 years ago 00:20:03 872
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева