ЖАНЫМ АПАМ / Акылай Исмаилова

Акылай Исмаилова «Жаным апам» с,о: А.Райымбекова Тогуз айда толгонуп тапкан энем Тамагыңдын таттуусун мага берген Талыкпастан жетелеп жол көрсөтүп Бул жашоодо көзүмдү ачкан эле Кайырма: Сенсиң апам сырдашым жакыным Сенсиң апам кымбатым асылым Жаным апам багым апам ай Түн уйкудан туйшөлүп баккан энем Эч бир жанды сага тең таппай келем Күнү түнү ойлоном асыл апам Канткенде мен ак сүтүн актаар элем Бир мен үчүн күч кубат аскам элең Чеги жоктур сүйүүңдүн мага деген Болсом дагы уул кыздын мен атасы Бир өзүнө жаш бойдон кала берем #monomedia
Back to Top