Тажикстандык кыргыздардын татаал жашоосу

ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ТАТААЛ ЖАШООСУ Тажикстандык кыргыздардын татаал жашоосу Борбор Азия аймагында башка тилде сүйлөгөн элдерди жекелеп, аларды коомдук, саясий, маданий чөйрөдөн сүрүп чыгаруу, же колдон келсе, такыр эле кубалап салуу аракеттери бар экендиги жашыруун эмес. Жакында Ош шаарында болгон Жаныл Жусупжан биздин студияда ушул маңызда маек курду. “Бир гана улут жашаган мамлекеттер адам тарыхында болгон эмес, бул табигаттын да, адамгерчиликтин да мыйзамдарына каршы. Талаада гүлдөр кандай ар түркүн болсо, адам заты да ар тилде сүйлөйт. Кудай бизди ушундай жараткан. Диний көркоолук кандай коркунучтуу болсо, ашынган улутчулдук ошончолук коркунучтуу”,-деп эсептейт биздин маектеш. Азаттыктын кабарчысы, учурда тажикстандык кыргыздардын татаал жашоосу тууралуу даректуу тасма тартып жаткан Жаңыл Жусупжан улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө үчүн башка улутту кемсинтпөө керек деп эсептейт. Буларга кошумчалап, Тажикстандагы жер-суу аттарынын өзгөртүлүшү боюнча да кенен маек курду.
Back to Top