«Алга» клубу интернеттеги окуяга тиешеси жоктугун билдирди

Ош шаарынын «Алай» клубу менен Бишкектин «Алга» футбол клубу 20-майда Кант шааарында жолугушту. Оюндан кийин «Алайдын» оюнчулары Алия Силла жана Шухрат Рахманов «сабалганы» тууралуу тартылган сүрөттөр жарыяланган. «Алга» окуяга тиешеси жок экенин билдирүүдө. «Алай» бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Милиция жаңжал боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Back to Top