Түштүк магистралдан Сокулукка чыккан трасса жасалып бүттү. Жаңы жолдун видеосу
Арча-Бешик конушунун тушундагы Түштүк магистралдын Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү жасалып бүтүп, ачылды. Sputnik алты тилкелүү жолдун асмандан тартылган видеосун сунуштайт.
Жаңы жолдун ачылыш аземине калаа жетекчилиги, жол жасаган кытай компаниясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышкан. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, алты тилкелүү жаңы жол Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Тагыраагы, Түштүк магистралдын уландысы менен Сокулук районуна чыгып кетсе болот.
Жол айланма болуп Муромский, Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет. Курулуш иштери Кытайдын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү“ долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.
410 views
559
143
4 months ago 00:00:45 297
Соңку жылдары Бишкектин түштүк тарабына түшкөн имараттар арбыды
2 years ago 00:00:09 171
Бишкекте “Өлбөс полк“ акциясына чыккандар жүрүшүн баштады
2 years ago 00:01:12 455
Түштүк магистралдан Сокулукка чыккан трасса жасалып бүттү. Жаңы жолдун видеосу