Балыкчыда РКФтн колдоосу менен заманбап эт комбинаты ачылды

Заводдо бодо мал жана майда жандыктар союлуп, эт кайра иштетилет. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы фермерлер “Дордой-Балыкчы“ эт комбинатын чийки зат менен камсыздаары күтүлүүдө. Бул облустардагы мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга чоң түрткү болуп, мал багуунун мааниси арта турганы белгиленди.
Back to Top