Сергитип сезимдин канаттарын,
Сүйчүбүз аллея дарактарын.
Сагынып, аргасыз эстей берем,
Сан жылдыз ажарың тлашканын.
Саргайтып өткөндүн барактарын,
Сан күндү сен жок деп жаратпадым.
Сымбатым, сыныма жарашканым,
Сыздатып жүрөктү канатпагын.
[Кайырма]
Жалгызымсың, жалгызыңмын,
Аярымсың, аярыңмын,
Сен мени түшүнгөн жалгызымсың.
Сен келчү айлуу кеч, аппак кайың,
Сыры бар жан билбес мага дайым.
Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс,
Саматып алыстайт ал ансайын.
Сабылып жүрөктү чалат жалын,
Сезгендей күн өтүп баратканын.
Саамайың жел болуп тарап дайым,
Санаалар сени издеп барат, жаным.
[Кайырма]
Топ гүлдөр ачылтып чанактарын,
Топ куштар талытып канаттарын.
Толгонуп толкундай сезеличи,
Топ жылдар кош айтып баратканын.
[Кайырма]
Кыргызча ырлар
385 views
406
138
3 months ago 00:01:34 0
Видео от Каныбека Омуркулова
3 months ago 00:01:05 0
Видео от Бактыбека Анарбекова
5 months ago 00:01:00 1
Видео от Куандыка Атыраубаева
6 months ago 00:48:00 253
«Эниемнен жылы кочагы»
7 months ago 00:01:28 2
Видео от Султанбекова Алымбека
7 months ago 00:00:29 38.1K
Динмухамед Кайыржан сместился в центр и резко бросил