Кыргызстанда кп айдалган унаалар арзандады

Өзгөчө Volkswagen Golf IV унаасынын наркы түштү. Мисалы, 2004-жылы чыккан бул автомашина бир айда 1000 долларга арзандап, баасы 5200 доллар болууда. Мындан тышкары, Toyota Prius III автокөлүгүнүн да наркы түштү. Аталган унаанын 2011-жылы чыккандары бир ай аралыгында 500 долларга арзандап, баасы 10 700 долларды түздү. Акыркы ай ичинде эң арзандап кеткен автоунаа – Honda Fit. Мисалы, 2003-жылы чыккан үлгүлөрү 2600 долларга арзандады. Эми бул автомашинаны 6500 долларга сатып алса болот.
Back to Top