Тшктг баламды кудайдан 10 жыл талаштым

Балам кырсыктаганда атасы деле, мен деле аман калса экен деп эле тилей бериптирбиз. Себеби, баламдын кебетеси аябай коркунучтуу болчу. Эң кичүү кызым көп жаман нерселерди чогуу көрдү. Баламдын кыйналган азаптарын, калгандарына да анча көрсөткөн жокпуз. Себеби, морфин сайып койчумун, морфин сайганда балам эч нерсе сезбей калчу. Негизи он жыл уктаган жокмун. Эки саат сайын оодарыш керек, дары сүйкөп, оодарып, дарысын берип, тамагын берип. Бир молдо келип, “апаке, сиз кудайдан эмне деп тиледиңиз эле“ деп сурады. “Аман калса экен деп тилегем“ дедим. “Алты санын сурадыңыз беле“ деди, “жок“ дедим, “акыл-эсин сурадыңыз беле“ дейт, “жок, сураган эмесмин“ дедим. “Анда кудай тилегиңизди берген турбайбы, коё бериңиз баланы“ деди. “Балаңыз же өйдөдө эмес же ылдыйда эмес, азыр аябай кыйналып сизди кыя албай эле турат“ деп айтты. Ошондон кийин мен азыр кудайдан бир нерсе сурарда аябай ойлонуп туруп анан сурайм. Бирок ошондо кудайдан адамды эч ким талаша албай турганын билдим.
Back to Top