Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров көңүл айтуу китебине Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, табияттын татаал кырсыгына кабылып, башына каран түн түшүп турган боордош Түркия элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
“Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз! Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жер титирөөдөн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!“ — деп жазган Жапаров.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Соңку маалыматтарда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алганы айтылды.
50 views
348
77
2 weeks ago 00:06:10 1
ФСБ, КГБ, КНБ и другие. Главы спецслужб стран СНГ собрались в Бишкеке
4 weeks ago 00:52:15 1
Путин пригласил президентов на парад Победы в Москве 2024 | Полная запись FULL
4 weeks ago 00:00:16 1
Кыргызстанцы не ожидали увидеть в самолете этого человека!
1 month ago 00:04:58 1
Путин устроил обед для президентов после парада Победы
1 month ago 00:09:19 1
Президент Барак эксклавынан көчүп чыккан тургундар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди
1 month ago 02:27:56 1
LIVE — Парад Победы в Москве. 9 Мая 2024
1 month ago 00:06:28 1
Владимир Путин вместе с коллегами из девяти стран возложил цветы к Могиле Неизвестного солдата
1 month ago 00:07:10 1
Путин и президенты СНГ возложили цветы к Могиле Неизвестного Солдата | 9 Мая 2023
1 month ago 00:48:25 1
Путин и президенты СНГ на Красной площади — Как это было | 9 мая 2023